Ачка жүрсө коронавирус жукпайт деп ойлогон. Нигерияда ачкачылык жарыялаган аял каза болду

Нигериянын Дельта штатынын тургуну коронавирустун алдын алам деп көп күн бою ачка жүрүп, каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Жашы 60 жаштан ашып калган аял күйөөсүн, уулун жана курбусун тамактан толугу менен баш тартып, үйдө камалып отурса коронавирус жукпайт деп ишендирген. Алар 2 апта ошондой режимде үйүндө камалып отурушмак. Кошуналары тамак алып келишсе да, үй-бүлө мүчөлөрү баш тартып, ачкачылыгын уланта беришкен. Акыры кабарсыз болуп кеткенде кошуналары үйүнүн эшигин бузуп киришсе, идеяны сунуштаган аял ачкачылыктан каза болуп, калган үй-бүлө мүчөлөрү алсыз абалда жатышкан.

Акыркы маалыматка ылайык, Нигерияда 1 273 адам коронавирус илдетине чалдыгып, 40 бейтап каза болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
sumaya
2020-04-28 19:07:03
Ужааас...
+3
JaneEr
2020-04-28 19:33:39
Паникадан олду
+1
aimai
2020-04-28 21:51:50
panika degen ozu oorudan da jaman bolot turbaibi
+1
Kuba-savai87
2020-04-28 23:00:33
Жакшы кабар алып киришиптир
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан