Ички иштер министрлиги Тажикстанда машыгуу өткөрдү (фото)

Тажикстандын “Фахробод” аскердик полигонунда “Кобальт-2021” атайын тактикалык машыгуулары өттү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, машыгууларга Ички иштер министрликтеринин атайын бөлүктөрү жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык ыкчам аракеттенүүчү күчтөрү тартылган.

"Иш-чаралар заманбап коркунучтарга жана чакырыктарга каршы күрөшүүдө укук коргоо органдары менен коопсуздук органдарынын эл аралык кызматташуусун бекемдөөгө багытталган. Армения, Беларусь, Кыргыз өлкөсү, Казакстан, Орусия жана Тажикстандын укук коргоо жана аскер кызматкерлери мыйзамсыз куралдуу топторду жок кылуу боюнча операцияларды пландоо жана өткөрүү боюнча иштешти", - деп билдиришти министрликтен.

Иш-чарада ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов сөз сүйлөгөн. Анда министрдин орун басары "Кобальт-2022" кезектеги тактикалык атайын машыгуулары Кыргыз Республикасында пландалып жатканын баса белгилеп, ар тараптуу колдоо жана жемиштүү кызматташууга ишенимин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
alinsan
2021-11-23 15:17:08
разведка кыла бергиле акырын каерде эмне бар
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан