Айзада Канатбекованын өлүмү. Сотто милиция кызматкерлеринин иши каралды

Бишкек шаардык сотунда ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча милиция кызматкерлеринин иши каралып жатат.

Бирок соттук отурумга айыпталуучулардын биринин жактоочусу келбей калып, соттук отурум 8-декабрга жылдырылган.

Окуянын чоо-жайы:

27 жаштагы Айзада Канатбекова 5-апрелден бери дайынсыз болуп, сөөгү 7-апрелде Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада унаадан табылган.

Бишкек шаардык милиция кызды уурдоого шектүү алгач кызды муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жан кыйганын билдирген.

Каза болгон кыз менен жигиттин сөөгүнө экспертиза дайындалды. Кийинчерээк Бишкек ШИИББинин жетекчилиги маалымат жыйын өткөрүп, Канатбекованын өлүмүнө шектелген жаран 6 жылдан ашык түрмөгө отуруп чыкканын, үй-бүлөсү бар экенин маалымдады.

Алгачкы маалыматтарга ылайык, Айзада Канатбекованы Бишкектеги Тыныстанов менен Медеров көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар ала качышкан. Интернетке үч киши көчөдөн бир кызды күч менен унаага салып кеткени тууралуу видео тараган. Тасма видеокөзөмөлгө жазылып калган. Кыз уурдалган учурда жолдо өтүп бараткан кишилер реакция кылышкан эмес.

Буга байланыштуу Бишкекте жана Ошто күнөөлүүлөрдү жазалоо, мындай көрүнүштөргө жол бербөө жана ИИМдин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган акциялар өтүүдө.

8-апрелде Канатбекованын сөөгү Балыкчы шаарында жерге берилген. Аны уурдоого шектелгендердин бардыгы кармалып, СИЗО-1ге камакка алынган. Ал эми Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 331-беренеси (шалаакылык) менен Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине карата сотко чейинки өндүрүш иши катталган.

30-апрелде Бишкек ШИИББи Айзада Канатбекованы уурдоо боюнча тергөө амалдары аяктап, иш сотко жөнөтүлгөнүн кабарлаган.
14-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованы ала качкандар боюнча сот чечим чыгарган. Анда 5 айыпталуучунун иши каралып, аларды сот күнөөлүү деп тапкан.

Замирбек Раманкулов, Кубаныч Токон уулу 6 жыл 6 айга эркинен ажыратылса, Сыймык Молдосариев, Ажыкабыл Рысбай уулу, Орузбек Нурумбетов 7 жылга эркинен ажыратылган.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан