Шайлоо: Талапкер Өмүрбек Бакиров добуш сатып алуу фактысына шектелүүдө

Ноокат районунда шайлоочулардын добуштарын сатып алуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

2021-жылдын 7-ноябрь күнү Жогорку Кеңешке бир мандаттуу №4 Көк-Жар шайлоо округунан депутаттыкка талапкер Ө.Б Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айыл аймагынын Дөң-Кыштак айылынын жашоочулары менен жолугушууда жолдорду оңдоону убадалаган. Андан соң көп өтпөй эле штаб башчысы Г.Х, шайлоо участкасынын төрагасы Н.Ф өз ара сүйлөшүп, талапкердин атынан баасы 149 миң 500 сом болгон 30 тонна цементти 9-ноябрь күнү 22:00 чамасында Жаңы-Ноокат айыл аймагынын тургунуна таандык курулуш материалдарын сатуучу дүкөнүнүн кампасына алып келишкен", - деп билдиришти облустук милициядан.

Цемент түшүрүлүп бүткөндөн кийин үгүтчүлөр талапкер тарабынан айылдын жолун оңдоо үчүн жиберилгендигин айтып, №2 катарда турган талапкерди колдоп добуш берип коюуга үгүттөшкөн.

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Х.Г жана Ф.Н аттуу жарандардын күнөөсү далилденгендиктен Жазык жана жоруктар боюнча кодексинин бир канча беренелери менен шектенүү катары маалымат берилип, сотко чейинки өндүрүштүн тергөөсү аяктап, айыптоо актысы түзүлүп, соттук кароого жөнөтүлгөн.

SUPER.KG порталына өздүк булактар шектелип жаткан талапкер Өмүрбек Бакиров экенин билдиришти.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
KaGaH
2021-11-25 20:05:03
Хе хе үйрөнгөн адат калабы уйга жүгөн салабы
0
KG-312
2021-11-25 23:12:33
Өмке ишиң бүтөйүн деп калганго!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан