Бүгүн, 29-ноябрь күнү Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбаган саясий партия өкүлдөрүнүн нааразычылык акциясы өтүүдө.
Анда "Ата Мекен" партиясынан депутаттыкка кандидат Клара Сооронкулова БШКнын төрайымын гана күнөөлөй бербей, жогоруда тургандардан таза шайлоону талап кылууну айтты.
28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жыйынтыкталды.
Добуш берүү жараяны эртең менен саат 08:00дө старт алып, жалпы 2 494 шайлоо участкасы ачылды. Анын ичинде 59 шайлоо тилкеси чет мамлекетте жүргөн Кыргыз жарандарын тейледи.
Шайлоо тилкелери жабылгандан кийин БШКнын сайты алдын ала жыйынтыктар келе баштагандан кийин мүчүлүштүктөр пайда болуп, сайт бир аз убакыт иштебей туруп калган.
VII чакырылышка жалпы 90 депутат өтөт. Ага 21 партиядан талапкерлер жана бир мандаттуу шайлоо округунан 286 талапкер ат салышты. Анын ичинен 54 мандат партиядан коюлган талапкерлерге берилсе, 36сы бир мандаттуу шайлоо округдан жеңип чыккандар болот.