Өзгөн районундагы Мырза-Аке айылындагы шайлоо тилкелеринде шайлоочулардын катышуусу жакшы. Бул тууралуу жергиликтүүлөр маалымдашты. Ага ылайык, №5532 шайлоо тилкесинде саат 12:00гө карата 305 киши добуш берүүгө катышты. №5114 шайлоо тилкесине бул саатка карата келип добуш бергендердин саны 301 адамды түздү.
Айта кетсек, бул жолу Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жаңы мыйзам менен өтүп жатат. Ага ылайык, парламентке өтүүгө 90 талапкерде мүмкүнчүлүк бар. Анын ичинен 54ү партиялардын ичинен ачык тизме боюнча келет. Ал эми 36 талапкер бир мандаттуу шайлоо округдарынан өтөт.
Шайлоодогу бардык кызыктуу маалыматтарды бир шилтемеден окуйм десеңиз бул жерди басыңыз.