Айбек Маткеримов "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын лидери бир ай бою Кыргызстанды түгөл кыдырып, эл менен жолугуп, элдин көйгөйлөрүн угуп, маселелерин өз көзүбүз менен көрүп келе жатабыз дейт. Ошол эле мезгилде биздин шаарыбызда көптөгөн көйгөй, маселелер бар экен деп белгиледи ал.
"Биз “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы Кудай буюруп, насип кылып Жогорку Кеңешке барып кала турган болсок, Бишкек шаарын жашыл шаар деген статусуна толук кандуу кайтарышыбыз керек. Буга чейин биздин борбор шаарыбыз жашыл шаар аталып келген. Биз ошол жашыл шаар наамына сөзсүз кайтарабыз.
Анткени биздин аны жасаганга акылыбыз, билимибиз жана тажырыйбабыз дагы жетет. Биздин 30 жылдык тарыхыбызда экономикабызды, өлкөбүздү көтөргөнгө көптөгөн мүмкүнчүлүктөр болду. Ошол менен бирге борбор калаабызды жетишкен кошууга мүмкүнчүлүктөр болду. Бирок ал мүмкүнчүлүктөрдөн биз туура эмес пайдаландык. Тагыраагы биз эмес, буга чейинки иштеп кеткен жетекчилердин, саясатчылардын бизди артка тартып келди.
Азыр мен аэропортто келе жатып өтө аянычттуу окуяга туш болдум. Кичинекей келин көзүнө жаш толуп аэропортко кирип баратса артында балдары, кайненеси турат. Ал эми баласы болсо “апа, коркпо ал жакта укол салбайт" дейт. Баласын алдап ооруканага баратам деп кирип баратат. Ал кирип алып аябай ыйлады. Аны көрүп мен да жаман болдум.
Буга биздин саясатчылар күнөөлүү. Аны биздин жемкорлор ал нерсени ойлобой жатат. Андай нерсеге жүрөгү оорубай жатат. Алар мындай нерселерди көрсө да көрмөксөн болуп биздин келечегибизди уурдап келди. Кадырыбызга балта чаап келди. Бүгүн дагы көрүнгөн бийликтин этегине намаз окугандар бар. Көрүнгөн бийликке ортомчу болуп туура жеткирбегендер бар. Бүгүн да арам жол менен акча тапкандар бар. Ошолордон сак болуп туура тандоо жасаңыздар. Анткени эки күндөн кийинки боло турган шайлоо биздин тагдырыбызды чече турган шайлоо. Сиз менен биздин жашоо ошол 30 жылдык тарыхы менен кайра ошол саткынчылык, кошоматчылык менен өтөбү сиздердин тандооңуздардан көз каранды", - дейт Маткеримов.
"Супер.кж" ЖЧКсы тарабынан 2021-жылдын 26-ноябрында чыгарылды. Дареги: Бишкек шаары, Турусбеков көчөсү 109, 4-кабат. Нускасы: 1 даана. «Ата-Журт Кыргызстан» СПнын буйрутмасы боюнча. Партиянын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү С.А. Болотакунова тарабынан төлөндү (Күбөлүк № 60 03.09.2021-ж.).