Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берип чыккан соң журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Жапаров "Кумтөр" компаниясын Кыргыз өлкөсү көзөмөлгө алгандан бери 6 тоннадай кен казып алынганын билдирди.
Алтын маселеси болгондуктан кенден алынган куймалардын унциясы, граммынан бери так айтылышы керектигин, ошондуктан бул тууралуу жылдын аягында так отчёт берилерин кошумчалап өттү.