Жалал-Абад облусунун Сузак районунда дайынсыз болуп, кечээ жансыз денеси табылган Сумая Хосилжанованын өлүмү боюнча "киши өлтүрүү" беренеси менен иш козголду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Дайынсыз болуп жаткан Сумаяны издөө иштерине жалпысынан 63 милиция кызматкери, 250 элдик кошуун жана коомчулуктан 150 ыктыярчы тартылып, Сузак айылынын 8540 кожолук, курулуп бүтпөй кароосуз калган 14 имарат, кароосуз калган 25 гараж, Жалал-Абад-Сузак каттамында каттаган 6 маршруттук такси жана 78 менчик таксилер текшерүүгө алынган. Атчан ыктыярчылар менен биргеликте эгин талааларда да издөө иштери жүргүзүлгөн. Ошондой эле 29 видеокамера текшерилген. Бирок Сумая бир дагы видеокамерага түшкөн эмес.
Сумаяны издөө иштери Жалал-Абад шаарынын аймагында да улантылган. Сузак РИИБинин жана элдик кошуундар тарабынан курулушу бүтө элек, кароосуз калган 19 имарат жана 22 гараж текшерилген. Анын сүрөтү жана маалыматтар башка аймактарга да таратылган.
27-ноябрь күнү саат 17:00 чамасында Сузак РИИБине балык уулап жүргөн Сузак районунун 1967-жылы туулган тургуну телефон чалып Арал айылы аркылуу агып өткөн Көк-Арт дарыясынын жээгинде жаш кыздын жансыз денеси жаткандыгын кабарлаган.
Айтылган дарекке Жалал-Абад ОИИБинин жана Сузак РИИБинин жетекчилиги барган. Суунун жээгинен 8-12 жашар кыздын жансыз денеси үстүндө кийимдери жок абалда табылган. Окуя болгон жерде жансыз денеге сырттан кароо жүргүзүлүп, оор жаракаттар байкалган эмес.
Ошондой эле жансыз дене дайынсыз болуп изделип жаткан Сумая Хосилжанова экендиги аныкталган.Текшерүү иштеринен кийин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "киши өлтүрүү" беренеси менен каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Учурда тергөө кызматы тарабынан ар кандай божомолдордон турган иш мерчемдер иштелип чыгып, кылмыштын бетин ачуу максатында ыкчам иш-аракеттер жүргүзүлүп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.