Ырысбек Мааткабылов: "Жогорку Кеңеште карапайым элдин кызыкчылыгын коргоого даярмын"

Тектеш кабарлар: Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо - 2021 (430 материал)

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттыгына талапкер Ырысбек Мааткабылов шайлоочуларга кайрылуу жолдоду.

«Урматтуу шайлоочулар! Көпчүлүгүңөр мени ар кандай маселелер боюнча - балдар аянтчасын куруудан тарта муктаждарга даректүү жардам берүүгө чейинки маселелер боюнча кайрылууларды жоопсуз калтырбаган адам катары билесиздер. Мен ар дайым эл мененмин, дайыма элдин үнүн угууга жана жардам берүүгө даярмын.

Эл мага өзүмдү Жогорку Кеңештин депутаты катары сынап көрүү сунушун берди. Макул болдум. Экономикадагы узакка созулган кризисти, жумушсуздардын санынын көбөйүшүн жана социалдык теңсиздикти чыдап карап тура албайм. Мен карапайым элдин кызыкчылыгын жаңы деңгээлде коргоого даярмын. Бир мандаттуу №29 Свердлов райондук шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер катары аттандым.
Жакырчылык менен күрөшүү, чакан жана орто бизнести колдоо, айыл чарба, туризм, логистика жана IT-технологиялар тармактарында жаңы жумуш орундарын түзүү – бул менин шайлоо программамдын айрым пункттары. Мен мугалимдер менен медицина кызматкерлеринин татыктуу эмгек акы алышы жана ар бир жарандын дартын аныктоого, медициналык тейлөөлөргө, спорт менен машыгуусу жеткиликтүү болушу үчүн бардык күч-аракетимди жумшайм.
Мен көп жылдан бери Свердлов районунун аймагында иштеп келе жатам. Райондогу көйгөйлөрдү - бузулган жолдор жана тротуарлар, баш аламан курулуштар, бак-дарактарды мыйзамсыз кыюу, эс алуу жайларынын жоктугу боюнча маселелерди жакшы билем. Жогорку Кеңеште муниципалдык органдар менен бекем мамиле түзүү ниетим бар. Бул биздин райондун гана эмес, жалпы шаардын маселелерин дээрлик ыкчам жана натыйжалуу чечүүгө жардам берерине ишенем.
Мага ишениңиздер, сиздердин үмүтүңүздөрдү актайм! Жогорку Кеңеште сиздерге татыктуу кызмат кылуу үчүн билимим, кесиптик жана турмуштук тажрыйбам жетиштүү. 28-ноябрда шайлоо тилкесине келип, мага добуш бересиздер деген ниеттемин!

Урматым менен, Ырысбек Мааткабылов».

Тапшырмачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Мааткабылов Ырысбек Шаршенбаевич. Нускасы: 1 даана, чыгарылган датасы: 2021-ж.29-октябрь. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Мааткабылов Ырысбек Шаршенбаевичтин шайлоо фондунун каражаттарынан финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Омуралиева Мээрим Замирбековна тарабынан төлөндү.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан