Коопсуздук кеңеши: "БШКнын сайты хакердик чабуулдарга кабылды"

Борбордук шайлоо комиссиясынын сайты хакердик чабуулдарга кабылды. Бул туурасында Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов брифингде билдирди.
Хакердик чабуулдар болжолдуу түрдө 20 өлкөдөн жасалганын инженерлер айтышкан, бирок жакшы коргоонун аркасында сервер бузулбаганын белгиледи Марат Иманкулов.
"БШКнын сервери иштебей калганы маалымдалгандан кийин текшерүүгө барып, хакердик чабуул болгонун байкадык. Эксперттер бизге былтыр да кол салуу болгонун айтышты. Бирок жакшы коргонуудан улам таасири болгон жок", - деди катчы.
Ал эми Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков президент тарабынан серверди кароо тапшырмасы берилгенин айтат.
"Серверге кирүүгө техникалык команданын гана кирүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Добуш берүү жыйынтыкталганга чейин мүчүлүштүк болгон жок. Системанын үзгүлтүккө учурашы шайлоонун жыйынтыгына таасир бербейт. Бардык добуштар кол менен саналып чыкмайынча, шайлоонун акыркы жыйынтыгы чыкпайт", - деп жооп берген журналисттердин суроосуна.
28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жыйынтыкталды.

Добуш берүү жараяны эртең менен саат 08:00дө старт алып, жалпы 2 494 шайлоо участкасы ачылды. Анын ичинде 59 шайлоо тилкеси чет мамлекетте жүргөн Кыргыз жарандарын тейледи.

Шайлоо тилкелери жабылгандан кийин БШКнын сайты алдын ала жыйынтыктар келе баштагандан кийин мүчүлүштүктөр пайда болуп, сайт бир аз убакыт иштебей туруп калган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан