Бүгүн, 29-ноябрга карата республика боюнча COVID-19 жана пневмония илдети 37 жарандан катталды. Акыркы сутка ичинде Ош, Чүй жана Нарын облустарында ооруну жуктуруп алгандар катталбаганын Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Бишкек шаары – 19;
Талас облусу – 1;
Ысык-Көл облусу – 6;
Жалал-Абад облусу – 3;
Баткен облусу – 8.
Пандемия башталгандан бери жалпы 183 миң 285 жаран илдеттен жабыркаса, анын ичинде лаборатордук тастыкталганы 125 миң 74, клинико-эпидемиологиялык тастыкталганы 58 миң 211.