Казакстанда карантиндик чектөөлөр жумшартылды

Алматы шаарынын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин аймактагы карантиндик чектөөлөрдү жумшартуу тууралуу токтомго кол койду. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Ага ылайык, калаадагы театрлардын, китепканалардын, музейлердин, диний объектилердин (массалык иш-чараларды өткөрбөө шарты менен), бассейндердин жана спорттук комплекстердин ишине уруксат берилет. Мындан тышкары окуучуларынын саны 180ден ашпаган мектептер ачылып, аларга бир класста 15тен көп эмес бала отурушу керек деген талап коюлат. Мектепке чейинки жана башталгыч билим берүү мекемелериндеги нөөмөт класстардын иши калыбына келтирилет.

Ошол эле учурда дем алыш жана майрам күндөрү шаардагы соода жана көңүл ачуу жайлары, базарлар (азык-түлүк саткандардан башкасы), фитнес-борборлор, сауналар жана диний объектилер жабылып турат. Мындай талап Нур-Султан шаарында да орун алууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Blueaffair
2020-09-01 16:24:44
Машинага граница качан ачат экен Казакстан ?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан