Бүгүн, 24-мартта Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өттү. Анда депутат Эльвира Сурабалдиева ун өндүрүүчү ишканаларга 800 миллион сом берилип жатканына нааразы болду.
"Кыйын убакта мамлекетке жардам берген жарандарыбызга чоң ыраазычылык. Бирок орто жолдо бир нече суроолор бар?
Республикалык штабдын бюджети тууралуу расмий маалыматы боюнча, Саламаттыкты сактоо министрлигине болгону 30 миллион сом, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине 225 миллион сом, азык-түлүк коопсуздугуна 631 миллион сом бөлүнүп жатыптыр? Ун өндүрүүчү ишканаларга эмне үчүн 800 миллион сом берилип жатат?", - дейт депутат.