Бүгүн, 4-апрелде Бишкектеги республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынан жана Аксы аймактык ооруканасынан 3 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.
"Ооруканадан чыгарылгандар 24-25 жаштагы эки эркек жана 45 жаштагы аял. Бейтаптардын абалы канааттандырарлык деп бааланууда, кайрадан алынган ПЦР анализи коронавирустун жок экенин көрсөттү", - деп айтылат маалыматта.
4-апрель саат 10:00гө карата коронавирустан 144 жаран жабыркап жатканы айтылган. Учурда 9 бейтап айыгып, стационарлардан чыгарылды. Бир жаран каза болду.