Ислам кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясынын өкүлү: "Парламенттик шайлоо эл аралык принциптерди эске алуу менен өткөрүлдү"

"Парламенттик шайлоо эл аралык принциптерди эске алуу менен өткөрүлдү", - деп бүгүн, 29-ноябрда Ислам кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясынын өкүлү Адамо Баубокар брифинг учурунда билдирди.

"Бардык мамлекеттик органдарга терең ыраазычылык билдиребиз. Мурда дагы байкоо жүргүзгөнбүз. Уюштуруунун мыкты деңгээлин белгилеп кетейин. Шайлоого катышкан аялдардын активдүүлүгүн белгилеп кетким келет. Айымдарга ыраазычылык билдирип, келечекте дагы шайлоого активдүү катышууга чакырам. Биздин байкообуз боюнча саясий партиялардын, талапкерлердин өкүлдөрү бар болду. Бир нерсе иштебей жатса алар органдарга билдирүү жөнөтүп турду. Шайлоо бардык мыйзамдардын, Конституцияга, эл аралык принциптерди эске алуу менен өткөрүлдү. Биздин уюмубуз Кыргыз өлкөсүн шайлоонун ийгиликтүү аякташы менен куттуктайт", - дейт ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан