Парламенттик шайлоодо 116 миң 246 бюллетень жараксыз деп табылды. Бул урнага салынган жалпы бюллетендин 9,64 пайызга жакынын түзөт.
Былтыр 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо 31 миңден ашык бюллетень жарасыз болуп табылган.
Былтыр өткөн парламенттик шайлоого салыштырмалуу быйыл жараксыз бюллетендердин саны 4 эсеге көп.
Социалдык тармактарда айрым талапкерлер "шайлоонун жаңы системасы тууралуу БШК жеткиликтүү маалымат бербеген үчүн жараксыз бюллетендер көп болду" деген пикирлерди жазып жатышат.