Биз социалдык тармакта

Казакстанда коронавирустун омикрон штаммына байланыштуу бир канча чектөөлөр киргизилди

Казакстанда коронавирустун омикрон штаммына байланыштуу бир канча чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмаларга Казакстандын саламаттыкты сактоо министринин биринчи вице-министри Марат Шоранов билдирген.

Маалыматка ылайык, өлкө аймагына омикрон штаммынын кирүүсүнө жол бербөө максатында 3-декабрдан тарта жаңы чаралар киргизилип баштайт.

  • Ботсвана, Түштүк Африка Республикасы, Лесото, Намибия, Зимбабве, Мозамбика, Малави, Мадагаскар, Эсватини, Танзания жана Гонконгдун жарандарынын өлкөгө кирүүсүнө чектөө киргизилет.
  • Коронавирустук инфекциянын түрү аныкталган өлкөлөрдөн (Израиль, Чехия, Нидерланды, Улуу Британия, Италия, Германия, Австралия, Канада) келген жарандардан вакцина алганына карабастан милдеттүү түрдө ПЦР-тест талап кылынат.
  • Омикрон штаммы катталган өлкөлөрдөн келген жарандардын ПЦР-тести терс жыйынтык көрсөтсө да, 7 күнгө изоляцияда болуусу керек.
  • Египет менен болгон авиа каттамга чектөө киргизилет.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан