Бүгүн, 12-майда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өлкөдөгү эпидемиологиялык абал тууралуу маалымат берди.
Эне жана баланы коргоо борборунда дагы эки адамдан коронавирус катталганына байланыштуу кабыл алуу токтотулган.
Республика боюнча коронавирус 14 кош бойлуу аялда катталган.
"Бишкекте "Фрунзе" гипермаркетинде иштеген кызматкерден коронавирус аныкталды. Ал өзү келип текшерилген. Ал жакта иштегендердин баарына лабораториялык тест жүргүзүлгөн", - дейт Нурболот Үсөнбаев.
Коронавирус менен ооругандардын арасында басымдуу бөлүктү 20 жаштан 60 жашка чейинкилер ээледи. Бул көрсөткүч калктын жалпы санынан 71 пайызды түздү.
"Апрелдин аягында коронавирус жуктургандар азайып баштаган. Бирок сырттан келгендердин катталганына байланыштуу кайра көп болуп жатат", - дейт саламаттыкты сактоо министринин орун басары.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча Нарын облусундагы төрөтканадагы 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми стационарлардан 6 медициналык кызматкер сакайып чыкты.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен 241 медициналык кызматкерлер катталды, алардын ичинен 186сы стационарлардан айыгып чыккан.
Жалпы республика боюнча интенсивдүү көрсөткүч боюнча (100 миң кишиге салыштырмалуу эсептелинет) алып караганда Нарын облусунда бийик көрсөткүч болууда. Нарында вирус менен ооругандар 44,7 пайызды түздү.
Ооруканада 316 бейтап жатат. Анын 7өө оор абалда, 4өө жандандыруу бөлүмүндө.
Бир суткада Кыргыз өлкөсүндө 21 адамдан коронавирус аныкталды.
Бишкек шаары – 10;
Чүй облусу – 1;
Жалал-Абад облусу – 3;
Нарын облусу – 7.
Республика боюнча ооругандардын жалпы саны 1037ге жетти.
12-майга карата 21 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Бишкек шаары – 12;
Ош шаары – 3;
Ош облусу – 3;
Нарын облусу – 2;
Жалал-Абад облусу – 1.
Айыккандардын жалпы саны 709га жетти.