Орусиянын 83 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 5 миң 218 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 142 адам каза болсо, 6 миң 409 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:
Москва шаарында - 642 (айыккандар 1338);
Санкт-Петербург шаарында - 218 (айыккандар 111);
Москва облусунда - 164 (айыккандар 142);
Нижегород облусунда - 159 (айыккандар 171) адам жана калгандары башка аймактардан.
Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 1 миллион 41 миң 7 адамдан коронавирус аныкталды. Анын 18 миң 135и каза болсо, 856 миң 458и айыгып чыкты.