Парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан талапкерлигин көрсөткөн Шаршенбек Абдыкеримов шайлоого катышуудан баш тартарын билдирген. Талапкер бул туурасында 19-ноябрда Нарында уюштурган кастингде (Жибек Молдоева аттуу кызга күйөө болууну каалаган жигиттер үчүн) айткан.
Борбордук шайлоо комиссиясынан талапкерден баш тартуу туурасында арыз бүгүнкү күнгө чейин келип түшпөгөнүн билдиришти.