Кыргыз-Тажик чек арасына жакын жерде ок атылды

1-декабрда Баткен районундагы Дахма участогунда Мамлекеттик чек аранын шарттуу линиясына жакын жерде саат 21:15 чамасында Тажикстан тараптан белгисиз адамдар 7-8 жолу ок чыгарды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, ок мергенчилик курал менен атылган.

Кырдаалды тактоо үчүн Кыргыз өлкөсү-Тажикстандын чек ара заставаларынын жетекчилери окуя болгон жерге барып, ок атышууга катышкандарды издөө боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү макулдашты.

Окуя боюнча укук коргоо органдарына жана жергиликтүү бийликке маалымат берилген.

Кыргыз өлкөсүнүн Баткен облусу боюнча чек ара өкүлү Кыялбек Төлөнбаев Тажикстандын Согди облусу боюнча чек ара өкүлү менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Мамлекеттик чек арадагы чагымчылдыктын алдын алуу чараларын талкуулады.

Саат 22:30га карата Мамлекеттик чек аранын бул тилкесинде абал туруктуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Kyrghyzkyzy
2021-12-02 00:26:16
Кыргыз-тажик чек арасы деген жанылык чыкса эле журок тушот.Курттаган немелер экен да,сазайын колуна берчу адам жок окшойт бизде.Окунучту.Баткендик туугандар тынч уктай албай турган болушту.
+10
Simels
2021-12-02 00:27:39
Албетте биз бул жакта ич ара кырылышып жатсак душмандар пайдаланып калышатта! Негизи кыргыздын душманы кыргыз биз бири-бирибизди жеп кырылабыз!
+12
Bek.v.aktatyr
2021-12-02 00:35:48
Кыргыздын душманы биринчиден кыргыз озу (Митингке чыккандар) кыргызстандагы абалды курчутуп мамлекетти жок кылуу. Ушул учурдан пайдаланып тажиктер кол салып каалаган жерди алышка аракет кылаттар. Эмне болсода бирикчи жардам берчи эки доско жакшыле жылыш болуп жатат, кемчилигини толуктап кучтуу онуккон мамлекет кылгылачы мигрант болуп чарчады эл
+5
Bekmurat9293
2021-12-02 00:50:46
Бул Тажик бийлигинин саясаты.ок чыкты кыргыздын жашоочулары коркуп жылыга азая берет.баткен шаарында тажиктин продуктасы ар бир магазинде сатылып жатат демек отуп жатат.капа болбогула озунорго аз болсун.бийлик деле тосо албайтат
+2
-FREEDOM-
2021-12-02 00:50:51
Биз качан тынч уктайбыз? Чек арада жашагандарды ойлогондор барбы? Шайлоодон отпой калып олуп кетип атат кресло талашып.
+2
AdylbekB84
2021-12-02 01:15:21
Тажиктердин оппозицияда жүргөн, Рахмондон качып чыккан саясатчылары дагы айтып жаттыго, Кыргызстандагы тополоң митиңгди күтүп жатат Рахмон деп! Мандат талашкандар кысып эле туруп турсаго мындай убакта!
+3
Antiradikal10
2021-12-02 05:12:39
Бийликтин даканса жугундукорлоруна табылбай калды да. Чек арада тынчтык болбой жатса Ташиевди бироо байлап койгон жок, пограничниктерди Ак уйду корутуп койгон эч ким жок. Шайлоо тууралуу мындай же тигиндей суйлоп койдун деп болбогон шылтоо менен ар кимди суракка чакыргыча Баткенге барып чек араны корусун. Чек ара кызматын УКМКга кошуп алган озу. Бирок эшектин тушоосун чечууго жараган жок Ташиев! Барсын да иштесин, жер-жерде УКМКга жаны здания салдырып журо бербей.
+5
Antiradikal10
2021-12-02 05:16:24
Шайлоо боюнча чыр чыгып жатса Жапаров куноолуу, шайлоону таза откорбогон. Шайлоону таза откорсо мындай ызы-чуу болбойт эле. Жогоруда бир даканса жазып жатат, 2 дос жакшы иштеп жатат деп. Корунуп турат жакшы иштегендери, чек арада ара кундо чыр, шайлоо былтыркыдай эле ыплас отту, бурмаланып.

Мигранттар азаюсу учун ЖКке олигарх чимкириктер эмес, элди ойлогондор баруусу керек эле. Тилекке каршы андай болгон жок. Кайра эле ушул жашоо болот алдыдагы 5 жылда эми.
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан