Депутат Мамашова Текебаевге кол салуу боюнча: "Бул окуяны ИИМ, УКМК көзөмөлгө алып, аягына чыгышы керек"

Депутат Айсулуу Мамашова Өмүрбек Текебаевге кол салуу боюнча ИИМ, УКМК көзөмөлгө алып, аягына чыгышы керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 1-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"УКМК, ИИМ кечээги болгон окуяны көзөмөлгө алып, аягына чыгуу зарыл. Шайлоодо чындап эле сатып алуулар болду. Административдик ресурс колдонулду. Ага каршы чыккандарды сабаган болбойт. Чындык үчүн күрөшүү керек", - деди ал.

Кечээ, 1-декабрда "Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу болду. Көп өтпөй Текебаев телефонун кайтарып берүү боюнча кайрылуу жасады. Садыр Жапаров ИИМге Өмүрбек Текебаевге кол салуу боюнча фактыны иликтеп чыгууну тапшырды. Көп өтпөй Бишкек ШИИББи Өмүрбек Текебаевге кол салганга шектүү катары 23 жаштагы жаран кармалгандыгын билдирди.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан