Президент Садыр Жапаров добушун эмнеге камактагы Равшан Жээнбековго бергенин социалдык тармактагы баракчасына жазган. Бул боюнча Равшан Жээнбековдун уулу Азат Равшан төмөнкүлөрдү билдирди.
"Садыр Жапаров өзү көп жакта саясий туткун болгонун айтып жүрөт. Менин атама добуш берип, ал боюнча пикирин билдиргенден кийин президент дагы атамды саясий туткун деп өзү таанып жатат. Демек, демократиялык өлкөдө саясий туткундарды кармабаш керек.
Албетте, президент демократия үчүн күрөшкөн адамга добуш бергени жакшы", - деп билдирди ал.
Ошондой эле ал таза шайлоо өтпөгөнүн кошумчалап өттү.
Маалымат үчүн:
Экс-депутат Равшан Жээнбеков №26 Ленин округунан шайлоого катышты.
5-августта Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, 2 айга камакка алынган. Баш коргоо чарасы өзгөртүлгөнү Кой-Таш окуясына байланыштуу экендигин анын жактоочусу Замир Жоошев билдирген.