Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-ноябрда өлкөдөгү парламенттик шайлоону өткөрүүнүн жүрүшүнө мониторинг жүргүзгөн эл аралык байкоочулар миссияларынын жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, президент шайлоого 700дөн ашуун эл аралык байкоочу күбө болгонун белгиледи.
Эл аралык байкоочулар мамлекет башчысын жана өлкө элин парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттукташты. Алар шайлоону өткөрүү, шайлоо процессинин айкындуулугун жана ачыктыгын камсыз кылуу боюнча жогорку уюштуруучулук иштерди белгилешти.
КМШ миссиясынын башчысы, Орусия Федерациясынын Эркин шайлоо фондунун кеңешинин төрагасы Василий Волков Садыр Жапаровду жана жалпы кыргыз элин өлкөдөгү жогорку бийликти түзүү процессинин ийгиликтүү аякташы менен куттуктады.
Ал ушул жылдын январында өткөн президенттик шайлоого КМШдан келген байкоочулар миссиясын жетектеп келгенин эске салып, андан бери Кыргыз өлкөсүндө бардык тармактарда эбегейсиз зор иштер жасалгандыгы тууралуу тыянагы менен бөлүштү.
Биринчи кезекте кыска мөөнөттө жаңы укуктук реформа жүргүзүлүп, анын алкагында бардык деңгээлдеги шайлоо мыйзамдары жарыяланып, кабыл алынды. Бардык өзгөрүүлөрдүн максаты – шайлоолорго жана бийликтин легитимдүүлүгүнө ишенимди жогорулатуу. Парламентке шайлоо өнөктүгү Конституция жана мыйзамдарга ылайык өттү жана аларды легетимсиз деп таанууга эч кандай негиз жок.
Өзбекстандын БШКнын төрагасы Зайниддин Низамходжаев шайлоо мыйзамдык базадан баштап, жер-жерлерде байкоо жүргүзүү шарттарына чейин мыйзамдуу жана жогорку деңгээлде өткөнүн баса белгиледи. Байкоочулар шайлоо тилкелеринде өлкө жарандарынын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруу үчүн бардык шарттар түзүлгөндүгүнө ынанышты.
Ал келип түшкөн кайрылууларга ыкчам жооп берип, жарандар үчүн түзүлгөн колл-борборго көңүл бурду. Мындан тышкары ал көптөгөн мамлекеттер кыялданган жогорку IT технологияларды колдонуу менен шайлоочулардын өздүгүн аныктоо системасын белгиледи.
Армения Республикасынын Улуттук ассамблеясынын регионалдык жана евразиялык интеграция маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү, ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын делегациясынын башчысы Алексей Сандыков бүткүл дүйнө экинчи жылдан бери күрөшүп жаткан пандемиянын шартында шайлоону мынчалык жогорку деңгээлде өткөрүү оңой эмес экенин баса белгиледи.
Грузиянын БШК төрагасы Георгий Каландаришвили кошумчалагандай, Кыргыз өлкөсүндө шайлоодо автоматтык эсептөөчү системасы (АЭС) сыяктуу технологияларды колдонуу, ошондой эле шайлоочулардын өздүгүн аныктоо боюнча Грузиядан кыйла алдыда. "Бул Грузиянын БШКсы үчүн мындайды көрүү жана сиздин өлкөнүн тажрыйбасын үйрөнүү үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк, анткени биз мындай нерселерди жаңыдан сынай баштадык. Сиздердин тажрыйба биз баштап жаткан ишке чоң салым кошот", - деди ал.
ШКУнун байкоочулар миссиясынын башчысы, ШКУнун Башкы катчысынын орун басары Ерик Ашимов "бир тууган кыргыз элин турмуштагы чоң жетишкендик, тагыраак айтканда Жогорку Кеңешке шайлоонун өтүшү менен" чын жүрөктөн куттуктады.
Анын айтымында, карапайым жарандар өздөрүн шайлоо тилкелеринде өгөйлөнбөй, ыйгарым укуктары бар экенин сезиши үчүн шарттар түзүлдү. Ал белгилегендей, өлкө жетекчилигинин жана БШКнын Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоону өткөрүү боюнча жүргүзүп жаткан иштери Кыргызс өлкөсүндө жарандардын өз эркин билдирүүсү үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн айгинелейт.
КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) тобунун жетекчиси, Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын комитетинин төрагасы Кутбидин Бурханов шайлоону өткөрүүнүн жогорку деңгээлин жана шайлоо мыйзамдарынын эл аралык стандарттарга шайкештигин белгиледи.
Түркия Республикасынын Улуу улуттук жыйынынын депутаты, Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясынын (Түрк ПА) миссиясынын башчысы Режеп Шекер президент Режеп Тайип Эрдогандын Садыр Жапаровго жылуу саламын жеткирип, парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өткөнүн белгиледи.
Делегациянын башчысы, Түрк тилдүү мамлекеттердин уюмунун Башкы катчысынын орун басары Гизмат Гозалов Кыргыз өлкөсүндө шайлоо өлкөнүн мыйзамдарына ылайык өткөнүн белгиледи. Байкоочулар миссиясы өткөн шайлоолор өлкөнүн жалпы өнүгүүсүнө таасирин тийгизерине өзгөчө көңүл бурушту.
Элчи, Ислам кызматташтык уюму миссиясынын башчысы Адамо Баубакар шайлоодо колдонулган жогорку технологияларды абдан канааттануу менен белгиледи. Айрым техникалык мүчүлүштүктөр болгонун, бирок ал көйгөйлөр өз убагында чечилгенин кошумчалады. Бул шайлоолор ачык-айкын, тынч, таза жана жакшы уюшкандыкта өткөнүн далилдей тургандыгын айтып өттү.
Мамлекет башчысы башка бардык өлкөлөрдө болгондой эле бул шайлоодо да айрым кемчиликтер болгондугун, бирок алар ыкчам жоюлганын баса белгиледи.
Садыр Жапаров эл аралык байкоочу миссияларынын жетекчилерине Кыргыз өлкөсүндө шайлоонун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүүдөгү ишмердүүлүктөрү үчүн дагы бир жолу ыраазычылык билдирип, алардын ишине ийгиликтерди каалады.