Камчыбек Ташиев: "Текебаевге кол салуу болгон эмес, ал кимдир бирөө менен урушуп кеткен"

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу боюнча пикирин билдирди.

Ал саясатчыга кол салуу болбогонун, кимдир бирөөлөр Текебаев менен урушуп кеткенин билдирген.

"Текебаевге кол салуу болгон эмес, аны менен кимдир бирөөлөр урушуп кеткен. Ал жерде атайын келип кол салып, кандайдыр бир каршылык көрсөткөн эмес. Азыр Ички иштер министрлиги иликтеп жатат. Текебаевге кол көтөргөндүгү боюнча бир киши кармалды, бардыгы мыйзам чегинде жоопко тартылат. Биздин өлкөдө эч кимге кол салууга жол бербешибиз керек", - деди Ташиев.

Кечээ, 1-декабрда "Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу болду. Көп өтпөй Текебаев телефонун кайтарып берүү боюнча кайрылуу жасады. Садыр Жапаров ИИМге Өмүрбек Текебаевге кол салуу боюнча фактыны иликтеп чыгууну тапшырды. Көп өтпөй Бишкек ШИИББи Өмүрбек Текебаевге кол салганга шектүү катары 23 жаштагы жаран кармалгандыгын билдирди.

Ташиев: "Текебаевге кол салуу болгон эмес, ал кимдир бирөө менен урушуп кеткен"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан