Ахматбек Келдибеков УКМКга сурак берип, 5 сааттан кийин чыкты

Саясатчы Ахматбек Келдибеков УКМКга сурак берип, 5 сааттан кийин чыкты. Ал саат 10:00дө сурак берүү үчүн УКМКга кирип кеткен.

Кечээ, 1-декабрда ал УКМКга барып келген. Андан соң аны бүгүнкүгө чакырган.

Буга чейин Келдибеков эртеңкиге суракка чакыртылганын аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришкен.

Маалыматка ылайык, УКМК тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында, Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын туура эмес көрсөтүү фактысы боюнча текшерүү жүргүзүүдө. Ошол эле учурда буга чейин БШК Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын сайтка чыгарууда негизги серверге сырттан эч кандай кийлигишүүсүз, ар кандай фальсификацияны жокко чыгарган механикалык ката кетирилгендиги тууралуу түшүндүрмө берген.

Бирок бүгүн, 1-декабрда социалдык тармактарда Ахматбек Келдибековдун добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктарын бурмалоо боюнча негизсиз жана тастыкталбаган схемаларды көрсөтүп, коомду адаштырып, ошону менен коомдук саясий кырдаалды туруксуздаштырууга шарт түзгөн видео тараган. Буга байланыштуу Келдибеков видеотасмада айтылган жүйөлөрү боюнча түшүндүрмө берүү үчүн УКМКга суракка чакыртылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан