Депутат Айсулуу Мамашова ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаевге Өмүрбек Текебаевге кол салуу боюнча фактыларды айткан жергиликтүү кеңештин депутаты Чолпон Сыдыковага күзөтчү уюштуруп берүүнү сунуштады.
"Эки унаа тууралуу аныктадыңыздарбы, кайсы жактан келди? Номерлери сүрөттө көрүнүп турат. Ошонун баары аныкталдыбы? Эмнеге кайдыгер мамиле жасап жатасыңар? Ар бир кишинин сөз эркиндигине укугу бар. Шайлоонун алдын ала жыйынтыгына нааразы болгон талапкерлер көп. Анткени чындап эле добуш сатып алуулар, административдик ресурстар болду. Ушуну аныктагандын ордуна эмне үчүн ушундай жигиттерди кылмышка тартып жатасыңар. Ушуну эмне үчүн аныктабай жатасыңар? Эмне деген адат болуп калды? Чолпон Сыдыковага күзөт дайындап берүүнү сунуштайм", - дейт ал.
Эркебек Аширходжаев: "Маалымат боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Кийин расмий түрдө баа беребиз", - деди.