Бразилияда 2 ымыркай жаңылыштык менен коронавируска каршы эмделди

Бразилияда эмчектеги 2 наристе кокусунан COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөрүлгөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя Бразилиянын Сан-Паулу штатындагы Сорокаба шаарында орун алган. Жаңылыштык менен эмдөөдөн 4 жана 2 айлык наристе эмделген.

"Алар Pfizer компаниясынын коронавируска каршы вакцинасынын дозасын алышкан. Балдар катуу реакция кылышты, ошондуктан дароо ооруканага жаткыруу чечими кабыл алынды ", - деп жазылат маалыматта.

Ымыркайларды жаңылыштык менен эмдөөдөн өткөргөн дарыгер жумушунан айдалган. Учурда бул боюнча тергөө иштери башталганы маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан