Бүгүн, 1-майда Бишкек шаарынын айрым көчөлөрүндө унаалардын көптүгүнөн жол тыгыны жаралды. Бул тууралуу социалдык тармактын активдүү колдонуучулары кабарлап жатышат.
Алар жол тыгынын 1 жарым саатка чейин күтүүгө туура келип жатканын билдиришүүдө.
Өзгөчө абал учурунда жарандарга жеке унаасын айдап шаарга чыгууга болбой турганын буга чейинки жыйын учурунда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирген.
Өзгөчө абал режими Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Нарын облусунун Ат-Башы районунда 10-майга чейин узартылган.
"Өзгөчө абал учурунда жарандар шаарда жеке унаалары менен жүрө алышпайт. Алар жолго чыга турган болсо, маршруттук баракча менен жүрүшү керек же үйдө болушу шарт", - деп билдирген ал.