Англияда 19 медицина кызматкери коронавирустан көз жумду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Мэтт Хэнкокко таянып, дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
"Мен алардын үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтам. Биз аларды эскерип турушубуз керек", - деп билдирген Мэтт Хэнкок.
Министрдин билдиришинче, каза болгон медицина кызматкерлери коронавирусту каяктан жуктуруп алганы иликтенет. Анын айтымында, дарыгерлердин өлүмү коргоочу материалдардын жетишсиздигинен улам келип чыккан эмес жана алар коронавирусту ооруканалардан эмес, башка жерлерден жуктурган болушу мүмкүн экендигин айткан.
Англияда 74 миң 605 адам коронавирус жуктуруп алган. 8 миң 974 адам каза болсо, 588 адам айыгып чыккан.