Барселона өкмөтү аргентиналык футболчу Лионель Мессинин "Камп Ноу" стадионунун жанындагы мейманканасын бузууга уруксат берди. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, футболчу MiM Sitges мейманканасын 2017-жылдын 5-майында 30 миллион еврого сатып алган. Мейманкана Барселонанын түштүгүндө жайгашкан. Учурда имаратты бузуу боюнча соттун чечими чыкты. 77 бөлмөлүү мейманкананын бузулушуна анын шаар стандартына туура келбегени себеп болгон.
Ошол эле учурда Месси мейманкананы шаар бийлигинин курулуш нормаларына туура келбегендиктен имараттарды бузуу ниети бар экенин билбей туруп алганы белгиленген. Мейманкананын балкондору өтө чоң деп эсептелинет. Жадакалса өрт учурундагы иш-аракеттердин планы да бийликтин стандарттарына жооп берген эмес.