Бүгүн, 8-декабрда депутаттар кворум жок Жогорку Кеңештин жыйынын токтотууну сунуштап жатышат.
Депутат Аманкул Токтомамбетов кворум жок болгонуна байланыштуу жыйынды токтотуу керектигин айтты. "Кворум жок болсо жыйынды токтотуп, добуш берүүнү эртеңкиге калтыруу шарт. 15 депутат отурабыз. Бүгүнкү жыйынды жыйынтыктоо керек", - деди ал.
Депутат Канат Исаев: "Добуш берүүгө каттоодон өткөндө кворум жок экени аныкталды. Ошондо маселе караганга кворумдун кереги жок болуп калабы? Мыйзамды сактайлы", - дейт.
Жогорку Кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу Аида Касымалиева бул маселени палата чечиле турганын айтты.
Каттоо кайрадан жүргүзүлүп жатат.