Олимпиаданын эки жолку чемпиону Роман Власов менен "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында күмүш байгеге ээ болгон Акжол Махмудовдун беттеши Бишкек шаарында өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу Акжол Махмудов социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Жакында машыктыруучулар менен беттештин күнүн жана ордун белгилейбиз. Азыртадан эле сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Беттеш Бишкекте өтүшү мүмкүн. Рома, макулсуңбу?", - деп жазды Акжол Махмудов.
Сентябрь айында Роман Власов Акжол Махмудов менен килем үстүндө күрөшүү ниети бар экенин билдирген. Кийинчерээк Власов Акжол Махмудов менен боло турган күрөштү эртелетүү керектигин белгилеген.