Депутат: "Канат Исаев менен Бакытбек Жетигеновдун жеке мамилеси болгон. Тумшукка жегенин айтпай эле коёюн"

Депутат Аманкул Токтомамбетов кол тийбестик боюнча түзүлгөн комиссиянын чечими каралышы керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 9-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Канат Исаев кечээ күнү бүгүн комиссиянын чечимин алып чыгам деп эркекче сөз берген. Ушунчалык бири-бирибизди алдабайлычы. Канат Исаев менен Бакытбек Жетигеновдун жеке мамилеси болгон экен. Бул нерсени Жогорку Кеңешке көрсөтпөсүн. Бир жыл мурун экөөнүн ортосунда ызы-чуу болгон экен. Эми тумшукка жеди деп айтпай эле коёюн. Комиссиянын төрагасы катары келип туруп комиссиянын чечимин көрсөтсүн. Жарым саат, бир саат деп өзү жок. Канат Исаевди Жогорку Кеңеш күткүдөй ал ким? Мындай адамдар керек учурда комиссияга төрага болуп калат. Мен ага ишенбөөчүлүк көрсөтөм", - деди ал.

Депутат Евгения Строкова пиар кылуунун кереги жок экенин айтып, комиссия чечимин бере турганын белгиледи.

Кечээ, 8-декабрда парламент жыйынында камактагы депутат Бакытбек Жетигеновдун маселесин кароо кийинкиге калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан