Австрияда вакцина алуудан баш тарткандарга айып пул салына баштайт

Австриянын жарандары эмдөөдөн баш тартканы үчүн айып пул төлөп башташат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Вольфганг Мукштейн билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Жазылган маалыматка ылайык, вакцина алуудан баш тарткан жарандарга жаза катары 3 600 евро айып пул салынат.

Мындай мыйзам долбоору 2022-жылдын 1-февралында күчүнө кириши күтүлүүдө. Ага ылайык, Австрияда жашаган 14 жаштан жогорку бардык адамдар эмдөөдөн өтүшү керек.

"Эмдөөдөн өтпөгөндөр жана борбордук реестрге медициналык каттоодон өткөндүгү тууралуу тастыктама бере албагандар сот тарабынан салынган айып пул төлөйт", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан