Коронавируска байланыштуу өзгөчө абалдын киргизилгенине үч күн болду. Кечээ, 26-мартта саясатчыларга карантинде эмне менен алек болуп жатканын
сураганбыз. Бүгүн дагы ушул суроону улай Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылып көрдүк.

Жогорку Кеңештин вице-спикери
Мирлан Бакиров карантиндин тартибин сактап жатканын айтты.
"Бүгүнкү кырдаалда Кыргыз мамлекетинин кээ бир аймактарында киргизилген өзгөчө абал боюнча штабдын берген көрсөтмөлөрүн, мыйзамда көрсөтүлгөн тартипти сактоо менен биргеликте жумушка барып жатабыз. Кол коё турган документтер болсо, өз учурунда жөнөтүү менен алек болуудабыз. Негизинен коомчулукту, шайлоочуларды тартипти сактоого чакыруу менен жер-жерлердеги акимдер, айыл башчылар менен телефон аркылуу байланышып жатам. Ал жактагы кырдаалдар боюнча маалымат алып турам. Тартипти, мыйзамды сактоо менен бул кырдаалдан чыгабыз деген чоң үмүтүм бар. Жогорку Кеңеш иштеп жатат", - дейт Бакиров.

Депутат
Руслан Казакбаев үйү өзгөчө бир ишканага айланып калганын айтты.
"Өкмөттүн, борбордук штабдын берген сунуштарын так аткарып, карантиндин тартибин бузбай үй-бүлөбүз менен үйдө отурабыз. Биз көп кабаттуу үйдө жашайбыз. Үйүбүз өзгөчө бир ишканага айланды. Окуу жайлар жабылып, мектепте окуган балдарыбыз бир бөлмөдө дистанциялык түрдө окуусун баштап жатышат. Экинчи бөлмөдө студент балдарым окушууда. Иштеген балдарым үчүнчү бөлмөнү ишкана кылып алышты. Иштеп көнүп калгандан кийин үйдө отуруу оңой эмес экен. Китеп окуп, интернетте отуруп жатабыз.
Аймактарда штабдар ачылган. Ал жерде тааныштар, туугандар иштешүүдө. Колдон келишинче сунуштарыбызды, акылдарыбызды берип жатабыз. Өкмөт кризиске каршы программаны алып чыгып жатышкан экен. Сунуштарыбызды бергенге аракет кылуудабыз . Аймактан телефон чалгандар көп, колубуздан келген жардамды бергенге аракеттенүүдөбүз. Кыргыз элин эшикке чыкпоого жана карантиндин тартибин аткарууга чакырам. Жогорку Кеңештин депутаттары экинчи айлыктарын дагы коронавируска каршы күрөшүү үчүн берүүнү сунуштап жатыптыр. Бул жакшы сунуш. Өзгөчө абалды 24 саатка киргизүүнү колдойм", - дейт Казакбаев.

Депутат
Айсулуу Мамашова карантинде үйдө кичинекей балдарына көп көңүл буруп, чогуу ойноп жатканын билдирди.
"Мен эки кичинекей балдардын энесимин. Быйыл кызым үч жашка, уулум бир жашка чыгат. Жолдошум экөөбүз балдарыбыз менен ойноп жатабыз. Мурда балдарыбыз менен көчөдө сейилдеп калчубуз. Эми эшикке чыга албай калдык. Кызым мени балдардын аянтчасысың деп атады. Ал үстүмө отурат же болбосо ага селкинчек болуп берем. Уулум 31-мартта бир жашка чыгат. Жолдошум экөөбүз үйдөн кандай ырым жасап койсок деп ойлонуп жатабыз. Баланын тушоосун кесиш керек да. Бүгүн карантиндин үчүнчү күнү бардыгыбыз көнүп калат экенбиз. Ушул ырахат алган сезим азыр келди. Мурда жумуш деп жүрүп, балдарга көңүл бура албай калып жатканбыз. Эми алардын жанында каалашынча болгонго убакыт пайда болуп, кээ бир учурда коронавируска да ыраазы болуп калат экенсиң. Үйдөгү жумуштарды бүтүрүп, күндө тамак жасоо менен алекпиз. Кээде терезени ачып эшиктеги кооз жаз болуп жатканын көрүп, кооздукту үйдө отурганда баалап баштадык. Кыргыз элин убакытты кыжалат болууга кетирбей, үй-бүлөгө кетирүүгө чакырам", - дейт Мамашова.

Депутат
Эльвира Сурабалдиева кайрылган жарандарга маалымат жактан көмөк көрсөтүүдө.
"Баарыбыз карантинге баш ийип жатабыз. Бул элдин баарына коюлган талап. Эл өкүлү болгондуктан, социалдык тармактардан жарандардан ар кандай кайрылуулар келип жатат. Менин жумушум онлайнга өтүп кетти. Аймактардан чалышып, бир канча маселелер чечилбей жатканын айтышты. Өкмөт, штаб менен байланышып, маселелерди тактап берип жатам. Негизи баарыбыз карантинге баш ийип жатабыз", - дейт Сурабалдиева.