Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык 12 кызматкердин коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Маалыматты саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, оору аныкталган медицина кызматкерлеринин ичинен:
Бишкек шаарында – 5;
Ош облусунда – 7.
Ал эми стационарлардан 6 медкызматкер сакайып чыкты. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу 299 медициналык кызматкерлерден аныкталды. Алардын ичинен 243 медкызматкер стационарлардан айыгып чыкты.
27-майга карата бир сутка ичинде өлкөдө дагы 52 адамдан коронавирус аныкталды.