Соңку сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен 54 бейтап сакайып, үйлөрүнө чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Анын ичинде:
Бишкек шаары – 15
Чүй облусу – 10
Ош облусу – 5
Ысык-Көл облусу – 14
Жалал-Абад облусу – 7
Баткен облусу – 3
Стационардык дарыланууда жалпы – 363 бейтап, ал эми амбулатордук дарыланууда 346 бейтап бар. Жалпы айыккандардын саны 178 905 бейтапты түздү.