Казакстанда ижарачыларды батирден чыгарганы келген полиция кызматкери алар үчүн батирдин акысын төлөп кайтты

Казакстандын Актөбө шаарында батирдин акчасын төлөбөгөн адамдарды үйдөн чыгарганы келген аймактын полиция кызматкери алар үчүн ижара акысын төлөдү. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жаран полиция кызматына батирде жашаган адамдар акысын төлөбөй жатканын айтып кайрылган. Окуя болгон жерге келген кызматкер карантин убагында үй-бүлө 2 кичинекей баласы менен жумушсуз жана акчасы жок калганын көргөн.

"Үйдүн ээси батирде жашагандарды 2 сааттын ичинде чыгып кетүүсүн талап кылып жатыптыр. Мен алардын кырдаалын түшүнүп, батир үчүн акчаны төлөп койдум", - деп билдирген кызматкер.

Полиция кызматкеринин кылган иши тууралуу алгач батирди ижарага алган адамдардын кошуналары социалдык тармактарга жазып чыккан. Көпчүлүк колдонуучулар бул билдирүүнү бөлүшүп, ага жакшы тилектерин арнашкан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
gitaris93
2020-04-27 15:15:34
Аллах ыраазы болсун
+12
tynara81
2020-04-27 20:56:30
Батирдин ээси көрүп-билип тургандан кийин сурабай эле турса болмок да. Бар туруп бербесе бир жөн.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан