2022-жылы футбол боюнча өлкө чемпиондугуна Баткен облусунан "Нур-Баткен" командасы катышат. Бул тууралуу Баткен облустук футбол ассоциациясынын башчысы Айбек Ражапов "Кыргыз футболуна 100 жыл" аттуу иш-чарада айтты.
Маалыматка ылайык, "Нур-Баткен" командасы Кыргыз Премьер-Лигасына кийинки жылдан баштап катыша баштайт. Баткен облусунда инвестиция аз болгондугуна байланыштуу команда эч бир демөөрчүлөрдүн эмес, элдин атынан чыгат.
"Нур-Баткен" клубу буга чейин Улуттук Лигада оюн алып барып келген.
Быйыл, 2021-жылы Кыргыз Премьер-Лигасында жалпы 8 команда ат салышты. Турнирдик жадыбалда жалпы 62 упай топтогон "Дордой" командасы өлкө чемпиону аталган.