Орусиянын Хасавюрт шаарында өтүп жаткан эл аралык турнирде кыргыз балбаны Исламбек Орозбеков коло байгеге ээ болду.
Исламбек Орозбеков бул турнирге 74 килограмм салмакта катышты. Ал коло байге үчүн күрөштө дагестандык Азнаур Таваев менен кез келип, 4:4 эсебинде жеңип алды.
Мындан тышкары мелдешке 79 килограмм салмакта катышкан Арсалан Будажапов турнирдин финалына чыкты. Кыргыз балбаны финалда түндүк осетиялык Ацамаз Санакоев менен кез келет.
61 килограмм салмакта катышкан Улукбек Жолдошбеков коло байгеге күрөшүү үчүн жубатуучу беттешке катышат.
Эске сала кетсек, эл аралык турнирине Кыргыз өлкөсүнүн атынан 15 балбан катышууда.