Хабиб Нурмагомедовдун уюму аталган "EFC'нин" жеңил салмактагы чемпиону, кыргыз мушкери Бусурманкул Абдибаит уулу чемпиондук наамын февраль айында казак мушкери Жасулан Акимжанга каршы коргойт. Бул тууралуу Хабиб Нурмагомедов маалымат жыйында айтты.
"Анын кезектеги атаандашы казакстандык Жасулан Акимжан болот. Менин оюмча, бул беттеш февраль айында өтөт. Ал эми кайсы жерде өтөрүн биз кийинки жумада аныктайбыз", - деди Хабиб Нурмагомедов.
3-августта Чолпон-Ата шаарында өткөн "EFC 38" турниринде Бусурманкул Абдибаит уулу орусиялык Руслан Яманбаевди техникалык нокаут менен жеңип, чемпион аталган.