Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов жеке суроолор боюнча жарандарды кабыл алды

14-декабрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов жарандар менен жолугуп, жеке көйгөйлөрүн укту. Бул тууралуу аталган мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага вице-мэрлер, аппарат жетекчи жана муниципалдык аймактык башкармалыктардын башчылары да катышты. Мэр арыз ээлеринин ар бир маселеси менен таанышып, тийиштүү тармактарга чечүү, көмөк көрсөтүү тапшырмаларын берди.
Кайрылгандардын басымдуу бөлүгү кичи райондордогу жолдорду оңдоо, материалдык жардам, жер тилкесине уруксат кагазын берүү, турак жай алуу өңдүү маселелерин айтышты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан