Коронавирус менен ооруганы аныкталган 14 жаран кайсы аймактын тургундары экени белгилүү болду. Алардын 10у аял, калганы эркек кишилер

Бүгүн, 27-март саат 14:00гө карата Кыргыз өлкөсүндө коронавирусту жуктуруп алган 14 жаңы адам катталды. Алар Жалал-Абаддын 7 жана Оштун 7 тургуну. Бул тууралуу республикалык штаб маалымат таратты.

Жалал-Абад облусунда катталган 7 жаран Сузак районунун тургундары болушат. Ал эми Оштогу 7 жаран үч райондун жана бир шаардын жашоочулары.
Өзгөн району - 3;

Ноокат району - 2;

Кара-Суу району - 1;

Ош шаары - 1.

Ооругандардын 10у аял, калганы эркек кишилер.

Учурда өлкө боюнча коронавирус менен ооругандардын саны 58 болуп калды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
altynka95
2020-03-27 16:39:22
Озгондун кайсы айылынан?
+8
peri_jan
2020-03-27 17:12:03
Ноокаттын кайсы айылдарында бар оорулуулар?
+5
Aikaaaa
2020-03-27 17:38:38
Ажы тойго барышпаптырбы?
+9
kaya89
2020-03-27 18:57:40
Супер силерге жаза берип чарчадым кайсы айылдарынан чыгып атат так жана толук маалымат жазгылачы уйдо олтуруп инфарк болуп оло турган болдук го
+9
Usow
2020-03-27 19:05:26
kaya89,аларга толук маалымат келбей эле сайтка чыгарып ататго дейм, кичине куто турсаныз баары маалым болот
+4
Sakura715
2020-03-27 19:43:01
Эмнеге Аксы районунун Кербен шаарындагы оорулуулар жөнүндө эчкимиси унчуга албай жатат,алар да умрадан келген күнү болницага түшкөндөр.Же качан баарысына жугуп бүткөн соң кыймыл болобу?
+4
Jyna
2020-03-27 22:14:47
Sakura715,Алардан вирус аныкталган жок жөн гана карантинге алынды акыбалдары жакшы деген маалыматты одноклассиктен таратышты эле. Ошол бойдон маалымат жок.
+4
pero5184
2020-03-27 20:59:31
Ош шаарын да тактап жазгыла кайсы кичи шаарчадан экен
+2
Saliman
2020-03-27 22:49:32
pero5184,жапалакта
0
nazarnew
2020-03-28 00:10:11
Кайра умрага или Кытайга салып жибергилечи ошол эшек мээлерди, надоели уже карантин кылып бүт өлкөнү.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан