Бишкекте Аяз ата менен Аяз кыздар үчүн чуркоо марафону өткөрүлөт

Бишкекте 19-декабрь күнү Аяз ата менен Аяз кыздардын чуркоо марафону өткөрүлөт. Бул тууралуу "I run kg" чуркоону сүйүүчүлөр мектеби социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, марафонго катышууну каалаган Аяз ата жана Аяз кыздар үчүн ар кандай аралыктар белгиленген. Чуркоо маршруту Байтик баатыр көчөсү, Түштүк магистраль жана Чыңгыз Айтматов кең көчөсү аркылуу өтөт.

Ошондой эле Аяз ата жана Аяз кыздын кийимдери менен келген катышуучулар арасында ар түрдүү байгелүү оюндар уюштурулат. Муну менен катар жаш балдар үчүн да 500 жана 1000 метр аралыкка чуркоо мелдеши белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан