Бүгүн, 15-декабрда Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы жылында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда мамлекеттик кабыл алуу болуп өттү. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекет башчысы жаңыртылган музейдеги экспонаттарды көрүп, тарыхый маанилүү окуяларды чагылдырган тарыхый-этнографиялык экспозициялар менен таанышты.
Мамлекет башчысы иш-чарага келген меймандардын алдында сүйлөп жатып, 15-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Совети тарабынан тарыхый документтин – мамлекеттин эгемендүүлүгү жөнүндө декларациянын кабыл алынышы кыргыз эли үчүн көптөн күткөн жана маанилүү окуя болгонуна токтолду.
Ал бүгүн улуттук маданий очоктордун бири болгон Кыргыз мамлекеттик тарых музейинде салтанаттуу жагдайда чогулуунун негизги себеби – 2021-жылдын көз карандысыздыгынын 30 жылдык мааракесин майрамдоо урааны менен өткөндүгүн баса белгилеп, кайсы бир деңгээлде корутундулоо болуп саналарын кошумчалады.
Президент Садыр Жапаров ошондой эле ушул жылы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн негиздөөчүлөрдүн бири, көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгы белгиленип жатканын эске салды.
Мамлекет башчысы Жусуп Абдрахмановдун жакындары тарабынан берилген мамлекеттик ишмердин күндөлүгүнүн түп нускасын Кыргыз мамлекеттик тарых музейинин директоруна тапшырды.
Садыр Жапаров Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөчүлөрдүн биринин кол жазмасы Тарых музейинин эң бир баалуу экспонатына айланып, мамлекеттин өзгөчө коргоосундагы улуттук таберик болорун белгиледи.