Токтобүбү Оргалча аны "башка улуттун өкүлү, шпион" дегендерге жооп берди

"Альянс" партиясынан парламенттин депутаттыгына талапкер Токтобүбү Оргалча аны "башка улуттун өкүлү, шпион" деп атап, сындагандарга социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жооп берди.
"Мени кытай, уйгур, шпион дегендер төмөнкү сүрөттү жакшылап көрүп алыңыздар.
Мен Токтобүбү Оргалча кызы 1972-жылдын 10-сентябрында Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу кыргыз автономиялуу облусунун Акчий ооданында кызматчынын үй-бүлөсүндө туулгам. 1990-1995-жылдары Синьцзян медициналык университетинде жогорку билим алып, врач-кардиохирург кесибине ээ болгом. Андан соң 1995-жылдан 2012-жылдарга чейин Пекин медициналык университетинин аспирантурасында билим алуумду уланттым. Окуумду ийгиликтүү аяктагандан кийин 3 жылдай Кытайдын ири шаарларынын бири Гуанчжоуда ишкерлик менен алектендим. 2015-жылы ата-бабаларымдын тарыхый мекени болгон Кыргыз өлкөсүнө көчүп келип, үй-бүлөм менен негиздеген “Шыдыр Жол Кей Джи” ишканасында ушул убакытка чейин эмгектенип келе жатам.
Мен табиятыман искусствого жакын болуп чоңойдум. Бош убактыларымда ырдаганды жактырам. Айрыкча мекенди сүйүү ырларын өтө сүйүп угуп, аткаргым келет.
Жолдошум экөөбүз бир уул, бир кызды тарбиялап өстүрүп жатабыз", - деп жазган Оргалча.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Aimani
2021-12-16 18:32:35
Ырдаса ырдап эле жүрө бербейби. ЖКте эмне бар?
+4
zhaynak
2021-12-16 18:58:01
Беш жыл ырдайт экенсин да эми а. Токтобубу Черикчиева болот экенсин да
+5
Bishkek-Kg
2021-12-16 20:15:52
Сенин шпион экениңе ал сүрөттүн кандай тиешеси бар?
+3
rysik79
2021-12-16 20:19:38
Акчасы болсо ырдайт да. Сексалю макалё жана мен деген парламент
+3
Gulina00
2021-12-16 20:24:07
Баарибир депутат болбош керек эле,акчасы бар суйлосун деген заман озу билетта эми,суйлогондун оозун акча менен жаап.
+4
Antiradikal10
2021-12-16 21:09:16
Апасы кыргызга окшобойт экен.

Кандай болгондо да, шпион болуу учун улут маанилуу эмес.
+4
Sakubek
2021-12-16 21:50:33
Атасы жок го
-2
Dembele84
2021-12-16 22:39:01
Эмнени кыйратат бул катын?
-1
Tursunbaev1978
2021-12-16 23:30:11
Кытайдын шпиону болушу мүмкүн,ишенич жок
+1
Asmat84
2021-12-16 23:59:48
Айланайын туугандар, бир нерсени далили жок билип билбей сындабайлы, балким бул кыргыз үчүн күйүп бышкан эл өкүлү болуп чыгаар. Өзү кыргыз бир тууганыбыз экен, Кытайдан келген, андай бир туугандар толуп атпайбы. Мисалы Акматбек Султан уулу да кытайдан келген кыргыз десе жанын берген бир боорубуз го
+3
Datka7777
2021-12-17 04:54:53
Депутат болуп келгенге акын жок!
0
Sanjura
2021-12-17 12:24:47
Күйөөсү жөнүндө айтпаптыр.Бул аялда жөн эле кнопка баскыч болот.Бийлик атайын өткөрдү бул катынды
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан