Садыр Жапаров жыл ичиндеги таза кирешеси 160 миллион сом болгон "Кыргыз Петролеум Компани" ишканасына барды

Жумушчу сапары менен Жалал-Абадда жүргөн президент Садыр Жапаров "Кыргыз Петролеум Компани" ишканасына барды. Анда өнөр жай ишканасынын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилгенин президенттин администрациясынан маалымдашты.

Садыр Жапаров быйылкы жылы ишкананын ишмердүүлүгүнүн оң динамикасын белгилеп, уурулук кылбай, таза иштөөгө болорун белгиледи.

"Мен буга чейин бул жакка келип кеткем. Ишкананы жакшы сактап калыпсыздар. Бул багытта иш алып барган облустагы жалгыз ишкана. Өндүрүлгөн продукция өлкөнүн керектөөсүнүн 6-7 пайызы гана камсыздайт, бул жетишсиз. Завод жылына 500 миң тонна мунай иштетүүгө жөндөмдүү, аны ушул көрсөткүчкө жеткирүү зарыл", - деп белгиледи президент.

Садыр Жапаров мунай иштетүүчү ишканаларды модернизациялоо жана чыгарылган өнүмдүн сапатын жогорулатуу маселесине өзгөчө көңүл бурду. Буга байланыштуу Садыр Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга ишкананы иштетүү жана модернизациялоо боюнча маселелерди өз убагында чечүүнү тапшырды.

Андан соң президент Садыр Жапаров өндүрүш тилкесин карап, өндүрүштүк бөлүмдүн иш процесси менен таанышып, ошондой эле ишкананын кызматкерлери менен баарлашып жана алардын иштөө шарттарына кызыкты.

Кызматкерлер менен болгон баарлашууда мамлекет башчысы ишкананы модернизациялоонун маанилүүлүгүн белгилеп, бул үчүн мамлекет керектүү каражатты табарын билдирди.

Өз кезегинде кызматкерлер мамлекет тарабынан көңүл бурулуп, колдоо көрсөткөндүгү үчүн өлкө башчыга ыраазычылык билдиришти. Айтымдарында, жаңы жетекчилик алардын иштөө шарттарын жакшыртууда, анын ичинде ишкананын жумушчуларынын эмгек акысы көтөрүлгөн.

"Кыргыз Петролеум Компани" заводу 2020-жылы 47 миллион сомго зыян тарткан болсо, быйыл ишкананын таза кирешеси 160 миллион сомду түздү. Ийгиликтүү көрсөткүчтөргө "Кыргыз Петролеум Компани" ишканасы 100 пайыз ээлик кылган "Кыргызнефтегаз" компаниясы дагы жетишкен. Алсак, компаниянын үстүбүздөгү жылдагы таза кирешеси 2020-жылга салыштырмалуу 558 миллион сомдон 2,5 миллиард сомго (өсүү 4,5 эсеге), мунай өндүрүү 147 миң тоннадан 173 миң тоннага (1,2 эсеге өсүү), 2021-жылы салыктык чегерүү былтыркы жылдын ушул эле мезгилинде 884 миллион сомго (1,5 эсеге өскөн) өсүп 1,4 миллиард сомду түздү, 2020-жылы кайра иштетүү көлөмү 132 миң тоннаны, быйыл 165 миң тоннаны (өсүү 1,3 эсеге) түздү.

Мамлекет башчы өлкөнүн бакубатчылыгы үчүн иштеп, мамлекеттик ишканалар ушундай жол менен жанданып жатканын баса белгиледи. Мисалы, "Манас" эл аралык аэропорту 3 миллиард сом таза киреше тапса, "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы да кирешеси жок болсо, азыр анын таза кирешеси 1 миллиард 600 миллион сомду түздү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан