"Коронавирус биздин медицинанын абалын көрсөттү". Президент Жалал-Абад облусундагы медицинанын абалы менен таанышты

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 19-декабрда Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында болду. Анда президент медициналык мекеменин жаңы имаратына барып, палаталарын жана операция жасоочу бөлүмүн көрүп чыкты. Бейтапкана 100 жатак орунга эсептелгенин президенттик администрациядан кабарлашты.

Ошондой эле Садыр Жапаров Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жамааты менен жолугушуп, баарлашты. Ал эки жылдан бери эч нерсеге карабай коронавирус менен күрөшүп келе жаткан медицина кызматкерлеринин талыкпаган эмгегин белгиледи.

"Оорулардын саны менен күнүмдүк статистиканын азайып жатканы кубандырат. Биз сиздердин эмгегиңиздерди баалайбыз, сиздерсиз бул ооруну жеңе албайбыз. Акыркы эки жылда коронавирус биздин медицинанын абалын, эмненин үстүндө иштөө керектигин, эмне жетишпей жатканын көрсөттү. Ошондуктан колубуздан келишинче ооруканалардын жаңы имараттарын, айылдарда ФАПтарды куруп жатабыз. Албетте, бардыгын бир заматта жасап салгың келет. Бирок бүгүнкү күндө мамлекеттин андай мүмкүнчүлүгү жок. Акыркы 10 жылда биз артка кеттик. Эми гана бутубузга туруп жатабыз, өлкө бюджети профицит менен чыкты. Бизди жаңы басып жаткан балага салыштырса болот. Бизди жакшы келечек күтүп турат", - дейт Жапаров.

Мамлекет башчысы бул жаатта кадрлардын жетишсиздигине, өзгөчө айылдарда үй-бүлөлүк дарыгерлердин жетишсиздигине токтолду. Көпчүлүгү айлык маянанын аздыгынан чет өлкөгө иштегени кеткен. Мамлекет кетип калгандарды мекенине кайтаруу үчүн айлык акыны дагы жогорулатууну пландаштырууда.

Президент белгилегендей, келерки жылы бюджеттик тармакта иштегендердин, анын ичинде дарыгерлердин айлык акысын жогорулатуу пландалууда. Ал ошондой эле турак-жай менен камсыз кылуу маселесине токтолду. Садыр Жапаров белгилегендей, мамлекеттик ипотеканы жеңилдетилген шартта берүү маселеси каралат.

Медицина кызматкерлери менен болгон баарлашуу учурунда "Ден соолук кербени" көчмө медициналык комплекстери бажы жол-жоболорундагы көйгөйлөрдөн улам аймактарга чыга албай жатканы белгилүү болду.

Буга байланыштуу өлкө башчы облустагы көчмө медициналык комплекстердин мындан аркы иштеши үчүн бардык бажы процедураларынан өтүү маселесин тез арада чечүүнү тапшырды.

Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусунун тургундарына жалпысынан 418 мекеме медициналык жардам көрсөтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан